ТИМ: Новосибирскиде каза тапкан Кыргызстандын жаранынын тек-жайы такталды   

  • 4 недели мурун

Социалдык тармактарда Новосибирск шаарында Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалыматтын таралышына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.  

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы башкы консулдугу кызматкерлери Новосибирск облустук клиникалык ооруканасына барып, маркумдун жакындары менен бирге анын тек-жайын аныктаганын билдирди. Маркум 1997-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, Н.А.Н. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны экендиги болуп чыккан.

Учурда Башкы консулдук маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн тиешелүү документтерди даярдоодо жакындарына көмөк көрсөтүүдө.

Министрлик жана башкы консулдук бул маселени көзөмөлдөп, Россиянын тиешелүү органдары, ошондой эле маркумдун жакындары менен байланышта болууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты