Жапырт баш аламандык уюштурууга чакырды деген айып менен “Фейсбук” колдонуучу кармалды
- 6 месяцев мурун
Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Жапырт баш аламандык”) боюнча козголгон жапырт баш аламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды байма-бай жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Адис Жумгалов” аккаунтунун колдонуучусу – 1980-жылы туулган КР жараны М.А.Р. кармалды.
Маалыматта белгиленгендей, өз аракети үчүн жоопкерчиликтен кутулуу үчүн колдонуучу М.А.Р. купуялык орнотуп алган, башкача айтканда “Фейсбук” социалдык тармагындагы фейк аккаунт колдонгон.
«Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.А.Р.нын жашаган жеринде 4 мобилдик телефон, 1 персоналдык компьютер, 2 ок атуучу курал жана ага ок-дарылар, ошондой эле кылмыш иши үчүн мааниси бар башка буюм далилдери табылып алынды» деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: Кармалган «Фейсбук» колдонуучу. УКМК басма сөз кызматы тараткан сүрөт.
Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.