Жапаров Эрдоганга Түркиядагы көмүр шахтасындагы жарылууга байланыштуу көңүл айтты

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көмүр кениндеги жарылуунун натыйжасында жумушчулардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу жолдоду. 

«Түркиянын Бартын провинциясынын Амасра районунда көмүр шахтасында 14-октябрда орун алган  жарылуунун натыйжасында көп сандаган адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин  жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандарга тезирээк сакайып кетишин каалайм» деп айтылат көңүл айтуу  телеграммасында.

Акыркы маалыматтарга караганда, Түркиянын Бартын провинциясындагы шахтанын жарылуусунан 41 адам каза тапты.

Сүрөт: Интернет булактарыан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты