Селден улам адамдардын каза болушуна байланыштуу Непал президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтуу
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Садыр Жапаров Непалда сел жүрүп, адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Непалдын президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.
“Непалдын чек ара аймактарында селдин кесепетинен ири кыйроолор болуп, көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым».
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына жеке өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм деп айтылат телеграммада.
Непалда 26-августтагы жер көчкү жана сел кырсыгында адамдар каза тапты, бир далай киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу Непал бийлигинин кийинки маалыматтарында айтылат.
Непал жана Тибет чек арасындагы Тришули дайрасында жер көчкү түшүп, катуу сел жүргөн. Буга жер титирөө себеп болушу мүмкүн экени болжолдонууда. Непалда үйлөр, жолдор, көпүрөлөр, энергетика объекттери кыйрады.
Сүрөт: Непалдагы жаратылыш кырсыгы. Niranjan Shrestha / AP
Муну бөлүшүү




