Баетов-Макмал унаа жолу ачылды
- 1 месяц мурун
- Видео
6-июнда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ак-Талаа районундагы Баетов–Макмал автоунаа жолунун 14–16-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун айрым тилкелерин жууп кеткен. Азыр жол тазаланып, ачылды.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
Маалыматта айталгандай, аталган тилкеде жолдун кювет болгонуна карабастан, агып келген суунун көлөмү өтө чоң болгондуктан, жолго зыян келтирилген. Учурда жеринде жолду калыбына келтирүү жана сел калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Унаа кыймылы үчүн жол эки тараптуу ачылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Транспорт министрлиги
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




