Бишкекке эл аралык туристтик поезд келди

6-сентябрда Бишкек шаарына Германиянын Lernidee Erlebnisreisen GmbH компаниясына таандык, Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн эл аралык туристтик поезд келди.

Бул тууралуу Кыргыз темир жолу билдирди.   

Кыргыз темир жолу чет өлкөлүк конокторду салтанаттуу тосуп алды. Темир жол бекетинин аймагында элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулуп, анда туристтер шырдак, кийизден жасалган жана кыргыз элинин салттуу тиричилик буюмдарын көрө алышты.

Салтанаттуу тосуп алгандан кийин туристтер борбор шаар боюнча экскурсияга жөнөштү. Коноктор Бишкектин негизги кооз жерлерин кыдырып, шаардын тарыхы, архитектурасы жана заманбап жашоосу менен таанышат.

Поезддин курамында 11 заманбап, ыңгайлуу вагон бар. Алар менен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 70тен ашуун турист келди.

Сүрөт: Кыргыз темир жолу

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты