Жапаров БУУнун Коопсуздук Кеңеш мүчөлөрүн шайлоо алдында мамлекет башчыларына кайрылды
- 3 недели мурун
Президент Садыр Жапаров БУУнун Коопсуздук Кеңеш мүчөлөрүн шайлоо алдында мамлекет башчыларына кайрылды
-Дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы, анын ичинде Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы куралдуу кагылышуулар эл аралык системаны өз сыноосунан өткөрүүнү улантууда. Дүйнөдөгү болуп жаткан аскерий чыр-чатактарга үч триллиондон ашык АКШ доллары сарпталууда. Бул өлчөмдөгү каражаттар бүткүл адамзатка татыктуу жашоону камсыз кыла алмак. Эгерде бул чыгымдар планетаны жашылдандырууга жана айрым өлкөлөрдөгү ачарчылыкты жоюуга сарпталса, анда планетабыз гүлдөгөн бакчага айланмак,-деп белгиледи Жапаров.
-Мындай шарттарда БУУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук Кеңешинин курамында инклюзивдик жана адилеттүү өкүлчүлүгүнүн болушу, ошондой эле бул Кеңештин бүткүл эл аралык коомчулуктун атынан чечим кабыл алуучу орган катары өзүнүн легитимдүүлүгүн сактап калуу жөндөмдүүлүгү биринчи планга чыгууда.
Кыргыз Республикасы Кеңештин курамындагы тең салмаксыздыктын, өзгөчө чакан, өнүгүп келе жаткан жана деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок мамлекеттердин жетишсиз деңгээлде катышуусу мындан ары сакталып калышы жамааттык коопсуздуктун бүтүндөй архитектурасынын туруктуулугуна доо кетирет деген позицияны карманабыз.
БУУнун Коопсуздук Кеңешине өтүп калсак Кыргыз Республикасы Коопсуздук Кеңеште прагматикалык, саясатташтырылбаган жана туруктуу чечимдердин жактоочусу катары иш алып барат, -деп билдирди Жапаров.
-Биздин артыкчылыктуу багыттарыбыз төмөнкүлөрдү камтыйт: алдын алуучу дипломатиянын ролун күчөтүү; ортомчулук механизмдерин өнүктүрүү; куралдарды жайылтпоону жана өзөктүк куралсызданууну илгерилетүү; климат менен коопсуздуктун ортосундагы өз ара байланышты институтуциялаштыруу.
Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатын массалык жабыркоочу куралдан толугу менен баш тартуу принциптеринде ырааттуу түрдө жүргүзүп келет.




