Жапаров Борбор Азия жана ЕБ лидерлеринин биринчи жолугушуусуна Казакстанга жөнөп кетти

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына жөнөп кетти.

Мамлекет башчы «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кечинде Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат. 

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

 — тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргыз Республикасынын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дүйшекеев;

— Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты