Президент Жапаров Астанада Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусуна катышат

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров эртең, 27-октябрда, Казакстанга иш сапары менен барат. башчы Астана шаарында Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлери саясат, соода, транспорт, экология, коопсуздук чөйрөсүндөгү жана башка эл аралык айдыңдын күн тартибинде турган актуалдуу темалар боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги бир катар  жолугушууларды өткөрөт.

Ошол эле күнү кечинде Жапаров Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

Сүрөттө: Астана шаарында. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты