Жапаров: Айыл чарба жана экология маселелерин чечүүдө ФАОнун колдоосун баалайбыз
- 3 недели мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, Бишкекте БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башкы директору Цюй Дунъюй менен жолугушуу өткөрдү.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жолугушууда азык-түлүк коопсуздугу, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу, жер ресурстарын туруктуу башкаруу, ошондой эле агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
«Айыл чарба жана экологиялык актуалдуу маселелерди чечүүдө ФАОнун көрсөткөн колдоосун жогору баалайбыз жана ыраазычылыгыбызды билдиребиз» деп айтты мамлекет башчы.
Президент ФАОнун көмөгү менен биздин өлкөдө бир катар маанилүү программалар иштелип чыкканын жана кабыл алынганын белгиледи. Ал ошондой эле азыркы учурда өлкөбүз тарабынан айыл чарба тармагына, азык-түлүк коопсуздугуна жана тамак-аш жаатындагы саясатка өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.
Садыр Жапаров агрокластерлерди өнүктүрүү, жашыл биотехнологияларды, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу технологияларын, жасалма интеллектти жана айыл чарба өндүрүшүндө жаңы заманбап жабдыктарды колдонууну киргизүү багытында жигердүү иштер жүргүзүлүп жатканын ырастады.
Цюй Дунъюй Министрлер кабинети менен ФАОнун ортосунда Кыргызстанда Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлчүлүгүн түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлгандыгына канааттангандыгын билдирип, анын кызматташтыкты тереңдетүү жана айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы