Жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды

  • 2 года мурун

Токмок шаарында 40 жаштагы жаран колунун кан тамырын кесип, жаңы курулуп жаткан имараттын 9 — кабатынан секирип, жанын кыюуга аракет кылып жаткан жеринен куткарылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызмат билдирди.

Окуя саат 20:32 чамасында Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө орун алган. Ал жакка өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токмок шаардык №21 өрткө каршы куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылда. Аар жанын кыюуга аракет кылган жаранды 9-кабаттан түшүрүп, алгачкы медициналык жардам көрсөткөн соң, ИИМ жана тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Алдын ала маалыматка караганда ал киши 1982-ж. туулган С.А., мас абалында болгон.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты