Жанарбек Акаев «Альянс» фракциясынын лидерлигине шайланды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 1-мартта, “Альянс” парламенттик фракциясынын жыйыны болду. Анда аталган фракциянын лидерлигине Жанарбек Акаевдин талапкерлиги сунушталды. Депутаттар сунушту бир добуштан колдошту.

Бул тууралуу «Альянс» партиясынан билдиришти.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталды.

“Альянс” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты