Алтынбек Сулайманов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
- 3 года мурун
Алтынбек Сулайманов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Мурдагы өкүл Мирбек Кожоев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулду.
Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Мамлекет башчы бүгүн, 24-февралда, жаңы дайындалган Президенттин региондогу ыйгарым укуктуу өкүлүн кабыл алып, анын алдына аймактын туристтик дараметин эске алуу менен анын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү