Жанар Акаевдин ордуна депутаттык мандат Токтобүбү Оргалчага берилет  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 15-декабрда, Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү деп тааныды. “Альянс” партиясынан депутаттык мандат бериле тургандардын арасында Жанар Акаев жок болуп чыкты.

Алты саясий партия 5%дык республикалык босогодон жана 0,5%дык региондук босогодон өттү жана депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышты.

БШК партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү.

Бүгүн, 15-декабрда, кабыл алган жобого ылайык, үч мандат алган партиядан — 1, жети мандат алган партиядан — 3 аял депутат келет. Буга чейинки жобо менен жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек.

Жаңы кабыл алынган жобого ылайык,  “Альянс” партиясынан 4 977 добуш алган Жанар Акаевге эмес, 1 284 добушка ээ болгон аял талапкер — Токтобүбү Оргалчага мандат бериле турган болду.  

28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты