Жанар Акаев: Ширшовдун схемасы кайрадан иштей баштадыбы?

  • 2 года мурун

Депутат Жанар Акаев бүгүн, 11-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында Алексей Ширшовдун сот тарабынан бошотулушуна байланыштуу Кыргызстандын коррупция менен күрөшкөнү ушулбу деп сын пикирин билдирди.

-Ширшов деген фамилия бул коррупциялык схема деген сөздүн синоними. Ошондой киши (Интерпоодун, Кыргызстандын күч органдарынын издөөсүндө жүргөндүгүнө карабастан) акыркы бир жылдан бери Кыргызстанга кенен-кесир кирип жүргөн. Энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын түзүүчүсү кечээ жарым сутка камалып туруп, кайра кое берилди. Эмне, коррупцияга каршы күрөш ушубу Кыргызстанда? Ширшовдун схемалары кайрадан иштеп баштадыбы? Эмне үчүн ушундай маселелерде мамлекеттик бийлик, күч органдарынын жетекчилери катуу туруп, элдин суроо талабын укпайт? Бул коррупция менен күрөшүүгө көө жапты,-деди Жанар Акаев.

“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовдун бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралды. Ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылды.

Ширшов коррупцияга шектелип 10-майда кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирген.

УКМК билдиргендей, Ысык-Көл райондук жана облустук, Бишкектин жана Чүй, Ысык-Көл облустарынын район аралык, Жогорку соттордун жана президенттин иш башкармалыгынын, мамлекеттик мүлк фондунун, мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схема түзүлүп, кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттедж жеке структуралардын карамагына өткөрүлгөн.

Атайын кызмат буга чейин кармалгандардан тышкары бул иште негизги уюштуруучулардын бири Алексей Ширшов болгонун, бул топ мамлекеттик жана сот органдарындагы жогорку деңгээлдеги кызмат адамдарына акча жана кыймылсыз мүлк, анын ичинде «Аврора Плюстун» мүлкүнөн берип, алардын калкалоосуна ээ болгону тууралуу далилдер аныкталганын маалымдаган.

УКМК бул коррупциялык схема аркылуу мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин белгилеп, чогултулган далилдердин негизинде Алексей Ширшов жазык кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде шектүү катары кармалганын жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты