Жанар Акаев: “Кореяда парламент имараты ичинде деле нааразылык акция өтөт экен. Сүйрөп барып камашпайт”.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Түштүк Кореяда нааразылык акциялары парламенттин имаратынын ичинде да өтүп жатканын, аларды эч ким сүйрөп барып камап салбаганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

-Түштүк Кореянын парламентинин имаратынын ичинде деле нааразылык акциялары өтө берет экен. Болгондо да булар президенттин аялынын кыңыр ишине нааразылар. Сүйрөп барып камап койбой эле, депутаттар ошолордун жанында делегацияларды тосуп, намыстанбай эле иштерин жасай беришет экен.

Алардын ошол жердеги акциясы-эркиндиктин, демократиянын жана адам укугунун белгиси. Ушул “бузукулардын” айынан өнүкпөй, артка кетпей эле, Корея кандай тездик менен өнүгүп жатат. Эркиндикти тыйсак эле экономика өнүгөт деген чолок ой бизди чырмап алган. Пикирин айтып чыккан аялдардан, жарандык коомдон коркпой эле, түрмөгө камабай деле, алдыга карап жыла бериш керек го бийликтер. Иши кылып митингге чыкканы да, бийлиги да маданият менен тартипке баш ийгени жакшы экен, -деп билдирди Фейсбук баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев.  

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Корея Республикасына расмий иш сапары барды. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Марлен Маматалиев, Жанарбек Акаев, Искендер Матраимов, Айбек Алтынбеков, Таалайбек Сарыбашов жана Алишер Эрбаев бар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты