Парламенттик делегация Кореяга сапар алды. Кимдер төраганы коштоп кетти?

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Корея Республикасына расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Марлен Маматалиев, Жанарбек Акаев, Искендер Матраимов, Айбек Алтынбеков, Таалайбек Сарыбашов жана Алишер Эрбаев бар.

Сапардын алкагында төрага Шакиев Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Ким Чжин Пхё баштаган жетекчилер менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана мекендештер менен баарлашып, Кореядагы өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен  таанышат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты