Жаманкулов: Алыкул Осмоновдун үй-музейин министрликтин балансына алуу керек

12-февралда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновдун Бишкек шаарында жайгашкан үй- музейине барды.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

«Алыкул үй-борбору» коомдук фондунун жетекчиси Памирбек Казыбаев үй-музейдин таржымалын баяндады, ал эми ремонт иштери 20 жыл мурун жасалганын маалымдады. Ошондон бери ремонттолбой-оңдолбой-түзөлбөй келет.

Алыкул Осмоновдун үй-музейи 1941-жылы курулган. Акын бул үйдү өзүнүн маңдай тери менен тапкан акчасына 1945-жылы сатып алып, 1950-жылга, өмүрүнүн акырына чейин жашаган.

Үй-музейде эки миңден ашык экспонат, анын ичинде акындын жеке буюмдары, кол жазмалары бар. Кышкысын жылытылбагандыктан, бөлмөлөрдүн шыбынан суу кирип, ным тарткан дубалдар баалуу документтерге, сүрөттөргө, буюмдарга да зыянын тийгизе баштаган.

Министр Азамат Жамангулов үй-музейди талаптагыдай сактоо үчүн маданият министрлигинин балансына алуу керектигин билдирди.   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты