Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды
- 3 недели мурун
Бүгүн, 25-июнда, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбоорун кабыл алууга 57 депутат макул болду, үч депутат каршы добуш берди.
Мыйзам долбоорун Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.
Депутат Элдар Абакиров мыйзам долбооруна көз карандысыз журналисттер, юристтер каршы экенин билдирип, аны 2-окууга кайтарууну сунуш кылды.
Бирок сунуштун жазуу түрүндө берилишине эскертүү кылып, бирок сунушка карабастан, мыйзам долбоору дароо добушка коюлуп, колдоо таап, кабыл алынды.
16-июнда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда жактырылган.
Депутаттар Айбек Маткеримов, Илимбек Кубанычбеков, Эрнис Айдаралиев жана Рустамбек уулу Советбек чет элдик жарандар, чет элдик юридикалык жактар, ошондой эле чет элдиктердин ЖМКда 35%дан ашык үлүшү барлар ЖМК учредители боло алышпай турган ченеми киргизилген.
Ошондой эле буга чейин тармактык басылмалар, аудио, видео, хроника программалары юстиция органдарында ыктыярдуу каттоодон өтүшү мүмкүн делген ченем, “каттоодон милдеттүү түрдө өтөт” деген ченем менен толукталды. Ошону менен бирге каттоо, кайра каттоо Министрлер кабинети бекиткен тартипте өтөт деп кабыл алынды.
Буга чейин 9-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды жана кабыл алынган.
2024-жылы 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору артка кайтарылган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан