Жалданмачылык иши: Экөө камактан чыгып, дагы экөө камакта калды

  • 3 недели мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Оштогу “Русский домдун” кызматкери Гаталья Секеринаны 25-апрелде үй камагына чыгарды. Ошол эле берене менен аып тагылган С.В.Т. аттуу адам да камактан чыгарылган.

Жалданмачылыкка айыпталып кармалган Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секеринаны Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-апрелде үй камагына чыгарды. Ушул эле күнү бул иш боюнча айып тагылган дагы бир шектүү С.В.Т. аттуу адам да үй камагына коё берилген.

Ал эми ошол эле жалданмачылык боюнча айып тагынлган дагы экөө Серегй Лапушкин менен Виктор Васильев камакта калды. Биринчи май райондук соту кармалган төрт адамды 17-июнга чейин камакка алганы белгилүү болгон.  

Жалданмачылык иши менен кармалгандар үй камагына чыгарылганы Министрлер кабинетинин төрагасыны орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганда белгилүү болгон.

Жолугушууда алар “Россотрудничество” кызматкерлеринин тыңчылыкка шектелип кармалганы тууралуу сөз болгону айтылат. “Россотрудничествонун” кызматкерлеринин шектелген иши анчалык оор кылмыш эмес деп эсептелип, тергөө алардын бөгөт чарасын үй камагы менен алмаштырды. Кармалгандар УКМКнын убактылуу абак жайында жаткан.

Буга чейин “Россотрудничествонун” жетекчиси Евгений Примаков Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери, Кыргызстанда “жалданмачылык” шеги менен кармалган Наталья Секеринаны бошотуп алышарын айткан.

Ош шаарындагы «Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина кармалганы маалым болгон. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренеси менен айып тагылып, камакка алынган. Наталья Секерина Кыргызстандын жараны, 2024-жылдын июль айынан бери «Орус үйүндө» иштейт. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 17-июнга чейин камакка алган. Бул иш боюнча жалпы төрт адам кармалганы, анын ичинде Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын кызматкери Сергей Лапушкин да бар экени маалымдалган.

Жалданмачылыкка байланыштуу Бишкекте кармалгандардын саны төрт кишиге жеткенин «Азаттык» жазып чыкты. Буга чейин чейин эки киши кармалганын, эми дагы экөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалганын билдирди. Бул боюнча УКМК расмий маалымат бере элек.  

Сүрөт: Бишкектеги «Орус үйү» имараты. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты