Жалал-Абаддагы «Үмүт» социалдык шаарчасында турак үйдөн өрт чыкты
- 2 месяца мурун
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө жайгашкан «Үмүт» социалдык шаарчасында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө №20 ӨК-КБдан саат 22:41де бир бөлүм, саат 22:44тө №59 ӨК-КБдан бир бөлүм, ал эми саат 23:00дө №65 ӨК-КБдан бир бөлүм жалпы 3 бөлүм тартылды. Сузак району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы майор Каныбек Маматкуловдун жетекчилиги астында саат 23:25те тилсиз жоо курчоого алынып, толук өчүрүү жумуштары жүрүүдө.
Муну бөлүшүү