Жалал-Абаддагы «Үмүт» социалдык шаарчасында турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
- 2 месяца мурун
Жалал-Абаддагы «Үмүт» социалдык шаарчасында турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттүн жалпы аянты болжол менен 320 чарчы метрди түздү.
20-декабрда саат 22:30да өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, 21-декабрга караган түнү саат 01:10до толук өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар катталган жок.
Муну бөлүшүү