Бишкектеги соода борбордун унаа токтотуучу жайында электр чордондон өрт чыкты
- 4 недели мурун
Бүгүн, 12-августта, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Ибраимов көчөсүндө жайгашкан соода борборунун унаа токтотуучу жайында электр чордондон өрт чыкты.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 16:56да өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Өрт саат 18:30да толук өчүрүлгөн.
Сүрөт: Видеодон
Муну бөлүшүү




