Жалал-Абаддагы калкты тейлөө борборунун кызматкери пара алуу фактысы боюнча кармалды

  • 2 года мурун

22-августта санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад шаарындагы калкты тейлөө борборунун кызматкери,С.Б.Б., КР улуттук паспортторун мыйзамсыз берүү, системалуу түрдө пара алуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Жалал-Абад шаарындагы калкты тейлөө борборунун кызматкери С.Б.Б., жашы жете элек балдарга 2021-жылдын үлгүсүндөгү жарандык паспортту мыйзамсыз тариздөө жана берүү, кийинчерээк аларды башка жактарга алып чыгуу үчүн 1000 сомдон 15000 сомго чейин акча каражаттарын системалуу түрдө алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алган. Ошондой эле ортомчулардын жардамы менен жашы жете элек баланы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга баланын ата-энесинин биринин атынан жарандык паспорт берүүгө жана алууга укук берген жасалма ишеним каттарды даярдашкан.

Учурда системалуу түрдө акча каражаттарын алуу (пара алуу) тууралуу байланыштарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты