Жалал-Абадда жергиликтүү криминалдык кагылышууларды уюштуруучулар кармалды

  • 5 месяцев мурун

Мыйзамсыз иш-аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу максатында 20-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу) боюнча кылмыш иши козголду.

17-ноябрда мурда ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган лидерлер З.у.Т. жана А.у.Н. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, кармалгандардынг автоунааларында жана жашаган жеринде тинтүү учурунда жашырып көтөрүп жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу куралдар, ага ок-дарылар, бет каптар, ошондой эле РПГ-5 гранатасы табылып, алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

«Акыркы убакта Жалал-Абад облусунун ар кайсы райондорунун жана шаар четиндеги айылдардын жаштарынын арасында криминалдык кагылышуулар көбөйүүдө. Бул мушташтар көп учурларда коомдук жайларда, денелерине оор залал келтирилип, курал-жарак жана травматикалык ок атуучу куралдарды колдонуу менен болуп жатат» деп айтылат маалыматта.

Негизги шыкакчылар өздөрүн кылмыштуу топтордун лидери катары көрсөтүү менен, кээ бирлери Жалал-Абад шаарындагы кичи райондордун кароочусу (смотрящий) деп аташып, алардын ишмердигинде белгилүү бир иерархиядагы жана структурадагы уюшкан кылмыштуу топтун белгилери байкалып, алардын катарына спорт менен машыккан жаштар тартылып тургандыгы белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты