Жалал-Абадда жер титирөө катталды
- 1 год мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 30-августта, саат 7:10до Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Аксы районунун Кум айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү