Жалал-Абадда жер тилкелерин басып алууну уюштурууга шектелип, Абдулла Юсупов кармалды
- 2 недели мурун
- Видео
Буга чейин мародерчулук, талап-тоноо, курал-жарактарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон, 1982-жылы туулган Юсупов Абдулла өзүнүн мыйзамсыз иштерин ишке ашыруу үчүн, президенти Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар экенин айтып, Сузак районунун жарандарынын ишенимине кирип, алардын тиешелүү жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алып, үчүнчү жактарга кайра сатып жүргөн.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Андагы маалыматта айтылгандай, Юсупов Абдулла УКМК тарабынан боло турган текшерүү-тинтүүлөрдү жолотпоо үчүн кепилдикти убадалап, ири жер тилке ээлерин, жерлерин тез аранын ичинде өзүнө өткөрүп берүүгө мажбурлап, кайра ошол жерлерди базар баасында үчүнчү жактарга сатып жиберип, сатуудан тушкөн акчаны өз кызыкчылыгына иштеткен.
24-июнда Абдулла Юсупов жана анын шериктери – Х.З.А. жана Т.М.Ф. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Абдулла Юсуповдун жашаган жерин тинтүү учурунда баңгизаты, ошондой эле жарандардын жер тилкелерине укук белгилөөчү документтери табылып, алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы