Жалал-Абадда жаш балдарга диний сабак берген жашыруун иштеген медресе аныкталды

  • 4 месяца мурун

11-мартта Улуттук коопсуздук мамлекети комитети (УКМК) тарабынан жашы жете элек балдарга диний сабак берген жашыруун медресенин (хужра) ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.

1998- жылы туулган, диний билими жок М.Х.А. жашаган жеринде  диний сабак уюштурган. Ал сабактарга 6 жаштан 9 жашка чейинки балдарга (12 бала) катышкан. Сабактар күн сайын саат 09:00-12:00дөн тартып өткөрүлгөндүгү, сабактар өткөрүлгөн жайлар санитардык-эпидемиологиялык талаптарга  ылайык келбегендиги (жараксыз жана салкын бөлмөлөр), колдонулган адабияттар Кыргызстан мусулмандар дин башкармасы тарабынан текшерүүдөн өтпөгөндүгү, айрым балдар узак убакыт бою орто мектепте окубагандыгы белгилүү болду.

 М.Х.А.га карата «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамынын 8, 10-беренелерин жана «Укук бузуулар жөнүндө» КР кодексинин 142-беренесинин 1-бөлүгүн бузуу жөнүндө актылар жана протоколдор түзүлүп, 7500 сом айып салынды.

 Мындан тышкары жашы жете элек балдардын, окуучулардын  ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, социалдык кызматкерлер тарабынан орто мектептерде ал жашы жете элек балдарды окутууну калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абадда жаш балдарга диний сабак берген жашыруун иштеген медресе аныкталды
Жалал-Абадда жаш балдарга диний сабак берген жашыруун иштеген медресе аныкталды
Жалал-Абадда жаш балдарга диний сабак берген жашыруун иштеген медресе аныкталды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты