Жалал-Абадда теракт жасоого аракет кылган эки өспүрүм кармалды

  • 4 месяца мурун

Жалал-Абадда чиркөөдө террордук чабуул жасоого аракет кылган эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук  мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кармалган Р.М.Р. жана У.М.Т. аттуу 16 жаштагы өспүрүм “Ислам мамлекети – Вилаят Хорасан” эл аралык террористтик уюмунун мүчөлөрү болуп саналат.

«Бул балдар аралыктан интернет аркылуу “ИМ-ВХ” ЭТУнун катарына кошулуп, чет элдик ЭТУнун эмиссарларынын көрсөтмөсү менен Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтындагы башкы балатынын жанына колго жасалган жардыруучу түзүлүштү орнотууну пландашкан, ошондой эле Жалал-Абаддагы Успение Пресвятой Богородицы чиркөөсүнө террордук чабуулду жана куралдуу кол салууну уюштурууну көздөп жатышкан» деп айтылат УКМК маалыматында.

Алынган мобилдик телефондорду текшерүүдө теракт даярдоонун далилдери, ЭТУ эмиссарлары менен кат алышуу, иш-чара планы жана колго жасалган жардыруучу түзүлүш жасоо боюнча нускамалар, “ИМ-ВХ” ЭТУнун жетекчисине ант берүү видеотасмалары табылган.

Бул фактынын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүмүндө (Террордук акт) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, №53 тергөө абагына алынган. Тергөө иштери улантылып жатканы белгиленди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты