Жалал-Абадда таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке кирди

  • 1 месяц мурун

Сузак районунун Курук-Сай участкасында жайгашкан Жалал-Абад шаарынын таштанды төгүүчү полигонунда таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке киришти.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.

МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров 26-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарында заводдун иши менен таанышты.  

Таштандыны кайра иштетүүчү завод 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 133 млн сомго курулду. 

Жалал-Абад шаарынан чыккан таштанды иргелип, кайра иштетилип, күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар жана курулуш материалдары өндүрүлөт. “Жалал-Абад тазалык” муниципалдык таштандыларды төгүү аймагынын аянты — 9,0 гектар. Мында курулган завод жылына 20 миң тонна таштанды кайра иштетет. 

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты