Жалал-Абадда шахтадан газ чыгып, 24 жаштагы кызматкер көз жумду

Бүгүн, 11-октябрда, түнкү күнү саат 02:29 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кен өндүрүүчү ишкананын инженеринин кайрылуусуна ылайык, шахтанын ичинде газ чыгып жаткандыгы кабарланган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Шахта ичинде калып калган кызматкерди куткарууга өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 9 куткаруучу тартылган.

Кырсыктын кесепетинен 24 жаштагы М. у Т аттуу кызматкердин сөөгү табылган. Куткаруучулар сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Сүрөт: Видеодон алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты