Жалал-Абадда нефть куюучу цистернадан өрт чыкты

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 6-майда,  Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Катыраңкы тилкесинде «Кыргызнефтегаз» компаниясынын нефть куюучу цистернасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 15:52 де түшкөн.  Саат 16:35 те өрт толук өчүрүлгөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Өрттү өчүрүүгө Майлуу-Суу шаарынан жана «Кыргызнефтегаздан» жалпы эки бөлүм тартылып, саат 16:30 да чектөөгө алынды. Тилсиз жоо саат 16:35те өчүрүлдү.

Баштапкы маалыматтар боюнча жабыркаган адамдар болгон жок.

Сүрөт: ӨКМ

Өрттүн себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Баштапкы маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты