Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

  • 1 месяц мурун

Баштапкы маалымат боюнча, бүгүн, 7-августта, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Элебесов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 14:38де өчүрүлдү.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаарлык башкармалыгы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:59да жалпы 3 өрт өчүрүү бөлүмү жана штаб тартылган.

Өрт саат 14:38де толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 300 чарчы метрди түзгөн.

Өрттө дене-боюнан жабыркагандар жок.

Өрттүн себеби иликтенүүдө.

Сүрөт: ӨКМ Бишкек башкармалыгынын видеосунан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты