Жалал-Абадда кооптуу жерде жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт
- 2 месяца мурун
Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган үй-бүлөлөргө көчүп чыгуу боюнча эскертүү берилүүдө.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Башкармалыктын район-шаардык бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери жана жергиликтүү көчүрүү комиссиясынын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кооптуу аймактан биротоло көчүп чыгуу керек экендиги эскертишүүдө.
1074 үй-бүлө кооптуу аймакта күнүмдүк тиричилигин улантып келишет, тургундардын басымдуу бөлүгү Сузак районунда жайгашкан.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү