Алайдагы урушка тиешеси бар делген 7 жаран кармалып, эскертүү берилди
- 2 недели мурун
- Видео, Жаңылыктар
Социалдык тармактарда Алай районунун Гүлчө шаарында белгисиз топ жаштардын ортосундагы уруш тууралуу видео боюнча 7 жаран кармалды.
Бул тууралуу Ош облустукички иштербашка башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты 2026-жылдын 3-август күнү Алай РИИБге каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар жарандар аныкталып, тергөөгө алынып келинген.
Маалыматта айтылгандай, 2-августтан 3-августка караган түнү саат 01:00 чамасында Гүлчө шаарындагы Нарматов көчөсүндө жайгашкан “Кербен” дүкөнүнүн алдында 2008-жылы туулган И.С., А.Ж., Ж.А., О.Ы., Б.О., ошондой эле 2007-жылы туулган Э.Т. жана А.У. аттуу жарандар өз ара келишпестиктен улам урушуп кетишкен.
Жогоруда аталган жарандар окуя боюнча эч кимге карата дооматтары жок экендигин билдиришип, арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.
Алай РИИБдин кызматкерлери тартип бузган жарандарга эскертүүлөр берилип, аларга мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Сүрөт: Ош ОИИББ




