Жалал-Абадда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 2 года мурун

12-ноябрда таңкы саат 07:38де Жалал-Абад облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Төш, Арал, Жар-Кыштак айылдарында 3,5 балл, Базар-Коргон жана Жалал-Абад шаарларында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Аталган институт бул аймакта эки күн мурда, 10-ноябрда дагы 4 баллдык жер силкингенин кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты