Жалал-Абадда эки жашар кыз иске ууланып чарчап калды

  • 1 год мурун

Жалал-Абад шаарында эки жашар кыз иске уугуп чарчап калды.

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан ЖМКга маалымдады.  

Милициянын маалыматы боюнча, 7-январда апасы эки жашар кызы менен 3,5 жаштагы уулун жаткырып коюп, саат 20да жумушка кеткен. Саат 23:30да келип үйдөгү электр жылыткычтын зымдары үзүлүп, бөлмө түтүнгө толгонун көргөн. Иске уугуп, эки жашар кызы чарчап калган, уулунун абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул окуя боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.     

Буга чейин Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айылында бир үй-бүлөдөн алты адам электр мешинен чыккан иске ууланып каза тапкан.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты