Баткенде бир үй-бүлөдөн алты киши иске ууланып каза болду

  • 1 год мурун

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Алга айылында алты адам электр мешинен чыккан иске ууланып каза тапты. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Басылма билдиргендей, кырсык 28-декабрдан 29-декабрга караган түнү болгон. Анын кесепетинен 36 жаштагы эркек киши, 35 жаштагы аял киши, 9, 6 жана 2 жаштагы уул бала, 8 жаштагы кыз бала каза болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, үйдө эки электр меши сайылып тургандыктан токко күч келип, үйдүн кире беришиндеги бөлмөдө зым үзүлгөн. Үй-бүлөнүн атасы чыгып, токко урунуп каза болгон. Анын артынан аялы чыгып, ал дагы мерт кеткен. Үзүлгөн зым диванга түшүп, андан ис чыга баштаган. Иске ууланып үйдөгү балдар көз жумган.

«Турмуш» басылмасы каза болгон балдардын бири маркум жубайлардын тууганынын баласы экенин жазды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты