Жалал-Абадда Эгемендик күнүнө байланыштуу коопсуздукту сактоого 2500дөй милиция тартылат  

  • 11 месяцев мурун

 Быйыл, 31-августта, Эгемендик күнүнүн  34 жылдыгы Жалал-Абад шаарында белгиленет. Бул иш-чараларды коопсуз өткөрүү максатында, ички иштер органдарынын  кызматкерлери коомдук тартипти сактап, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашат.  Мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүп жаткан майрамдык иш-чарага байланыштуу, коомдук тартипти сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга 2500 миңге жакын милиция кызматкерлери тартылат. 

Майрамга карата Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн айрым тилкелери -«Эркиндик» аянты Байзаков проспектиси менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен, Байзаков проспектиси менен Барпы-Сейил көчөлөрүнүн кесилишинен, Эркиндик көчөсү менен Исакулов көчөлөрүнүн кесилишине чейин жабылды. 

30-31-август күнү Жалал-Абад шаарына кирип-чыгуучу 8 жерде блок-посттор орнотулуп, унаалардын кирип-чыгуусуна чектөө коюлат. Бул күндөрү  жаңы борбордук аянттагы иш-чарага байланыштуу Курманбек көчөсү, Байзаков проспектиси жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен, Абдрахманов көчөсү, Байзаков проспектиси жана Курманбек көчөөсүнүн кесилишинен жабылат. 

Ошондой эле, республиканын аймагында Эгемендик күнүн майрамдоо учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздашып, күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт.

ИИМ жарандардан тыгындардын алдын алуу үчүн жол багытыңыздарды алдын ала мерчемдеп алууну, жол кыймылынын эрежелерин сактоону жана унааларды көчөлөрдүн боюна калтырбоону сунуштайт. Эгемендиктин 34 жылдыгына арналган иш-чаралардын маанилүүлүгүн эске алуу менен  киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты