Жалал-Абадда автоунаа тетиктерин саткан дүкөндөн өрт чыкты
- 2 месяца мурун
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айыл өкмөтүнүн М.Атчабаров көчөсүндө жайгашкан автоунаа оңдоочу жана унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн жалын чыккан.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Тилсиз жоо катталгандыгы тууралуу 1-декабрда саат 11:41де маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:42 де , андан соң 2-күжүрмөн эсеп тартылып, саат 12:18де курчоого алынган өрт саат 13:59да толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн чыгып келүү себептери такталууда.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү