Жалал-Абадда 5 килограмм баңгизатын саткан киши кармалды

Жалал-Абадда 5 килограмм баңги затын сатып жаткан киши кармалды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусу боюнча баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, Баткен районунда 1976-жылы туулган К.М.А. аттуу жарандын турган жерин текшерген учурда, беш бөлүккө бөлүнгөн, кара күрөң түстөгү, өзгөчө кескин жыты бар зат аныкталды.

Экспертизанын кортундусунун негизинде беш бөлүккө бөлүнгөн, кара күрөң түстөгү, өзгөчө кескин жыты бар зат гашиш баңгизаты, жалпы салмагы 5 кг. 21 гр. экендиги такталган.
Ыкчам-тергөө иштери улантылып жаткандыгы маалымдалды.  

Сүрөт жана видео: ИИМдин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты