Ош шаарында синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектүү топ кармалды

  • 1 месяц мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан, Ош шаарында синтетикалык баңгизаттарды таркатууга шектелген топ кармалды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын иш-чаралардын жүрүшүндө 1991-жылы туулган М.Ж.Р. аттуу жаран кармалган. Жеке тинтүү учурунда анын жанынан синтетикалык баңгизаты табылган.

Кийинчерээк мыйзамсыз затты сатуу каналы аныкталып, 1996-жылы туулган А. у. К. аттуу жаран, ошондой эле топтун дагы бир мүчөсү – 2005-жылы туулган А.Б.Ш. кармалган. Кармалгандарга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда алынган зат соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлгөн. Бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Синтетикалык баңгизат адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна өзгөчө коркунуч туудурат. Мындай заттардын аз өлчөмүндө да активдүү компоненттердин жогорку концентрациясы болушу мүмкүн жана организмге олуттуу кесепеттерди алып келиши мүмкүн.

Ош шаарында синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектүү топ кармалды
Ош шаарында синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектүү топ кармалды
Ош шаарында синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектүү топ кармалды

Сүрөттөр: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты