Жалал-Абадда 30 жаштагы жаран баңгизат сатууга шектелип кармалды
- 2 месяца мурун
Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун 1994-жылы туулган тургуну узак убакыт бою баңгизаттарды сактап жана сатып жүргөндүгү аныкталып, күч органдары тарабынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган жарандын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктоо үчүн ИИМдин кызматкерлери тарабынан бир нече жолу баңгизатты контролдук сатып алуу иши жүргүзүлгөн. Сатып алынган затка соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында жогорудагы жаран сатып жүргөн заттар «гашиш» жана «марихуана» баңгизаты болуп чыккан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, аталган жаран кармалган.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалганы айтылды.
Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы