Жалал-Абад университетинин деканы чет элдик эки жаранга 12 миң долларга диплом сатууга шектелүүдө  

  • 1 год мурун

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы Ирак өлкөсүнүн жарандарына жасалма диплом сатууга шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, “2017-2018-жылдары Жалал-Абад университетинин деканы Ж.М.Б. Ирактын эки жаранына 12 миң долларга “Кыргыз мамлекеттик медицина университетин аяктады” деген жасалма диплом саткандыгы аныкталды”.

Бул иш боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (кызмат абалынан пайдалануу менен жаслган алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.

Жасалма диплом жасоого катыштыгы бар адамдар такталууда жана иликтөө улантылып жаткандыгы кабарланды. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты