Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйү ачылды

  • 9 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттиги үйү аянты 8640 чарчы метрлик мурдагы университеттин үч кабаттуу имаратында жайгашкан, 2022-жылы ал Жалал-Абад облустук сотунун балансына өткөрүлүп берилген.

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен аталган обьектиге 40 миллион сомдон ашык каражат жана президенттин резервдик фондунан кошумча 14 миллион сом жумшалып, тиешелүү реконструкциядан өттү.

Бул каражаттарга имараттын реконструкциясынан тышкары сот отурумдары өтүүчү залдардын эмеректери жаңыланды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана улгайган адамдардын сот органдарына кайрылуусу үчүн шарттар түзүлдү.

Сот адилеттиги үйүндө жети орган жайгашкан: Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун административдик соттору жана Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы жана анын кызматтык бөлүмдөрү.

2023-жылдын март айында Ысык-Көл облусунда Каракол шаарында алгачкы Сот адилеттиги үйү иштей баштаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты