Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Фрунзе көчөсүнүн А. Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин унаа кыймылы үчүн ачылды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында эски асфальт-бетон алынып, жолдун негизи бекемделди. Зарыл болгон инженердик тармактар оңдолуп, жаңы асфальт-бетон төшөлдү. Ошондой эле жол инфраструктурасы жаңыртылды.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты