Жалал-Абад шаарында базардан өрт чыкты

Жалал-Абад шаарында бүгүн, 19-июнда, Түмөнбай Байзаков проспектисинде жайгашкан “Береке” базарынан өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:15да Жалал-Абад шаардык №20 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм тартылды. Саат 09:28де Жалал-Абад дагы 2 бөлүм, жалпы 4 бөлүм өчүрүүгө чыгышты. Ошондой эле тез жардам кызматынан бригада жана ички иштер министрлигигин (ИИМ) кызматкерлер тартылды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты