Жалал-Абад шаарында балдар бакчасынан өрт чыкты
- 1 месяц мурун
Баштапкы маалымат боюнча Жалал-Абад шаарында жайгашкан Навои көчөсүндө жеке балдар бакчасынын ашканасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат бүгүн, 27-майда, саат 11:48де өзгөчө кырдаалдар министрлигигин (ӨКМ) ыкчам нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.
Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:49да Жалал-Абад шаарынан эки өрт өчүрүүчү унаа тартылып, бала бакчадагы 33 тарбиялануучу жана 3 тарбиячы куткаруучулар тарабынан эвакуцияланып, газ баллондор коопсуз аймакка чыгарылды.
Өрт чыккан аймактын жалпы аянты 120 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.
Өрттүн чыгуу себептери такталууда.
Сүрөт: ӨКМ видеосунан алынды
Муну бөлүшүү