Жалал-Абад шаары Манас деп аталабы? Чечим Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү

  • 12 месяцев мурун

Шаардык кеңештин депутаттары Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп атоо чечимин чыгарды. Сунушту шаардын башчысы Эрнисбек Ормоков берген.

Баштапкы чечим Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат. Эгер Жогорку Кеңеш сунушту туура деп тапса, анда шаардын аты өзгөртүлөт.    

Буга чейин коомчулукта шаардын мэри Ормоковдун сунушу тууралуу пикирлер орун алган.

Шаардын мэри маселени шаардык кеңешке сунуштаганын, бирок сунуш элден түшкөнүн билдирди.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты