“Жалал-Абад” санаторийинин директорунун орун басары акча доолаганга шектелип кармалды (Видео)

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын “Жалал-Абад” санаторийинин директорунун орун басары эс алып келгендерден негизсиз кошумча акча доолаганга шектүү катары кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, аталган санаторийдин директорунун орун басары А.М,С. эс алуучулардан кошумча процедуралар үчүн дайыма акча доолап келген.  Ал эми чындыгында андай процедуралар дарылануу акысынын ичине эле кирип, кошумча акчаны талап кылбайт болчу.  

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу камак жайына киргизилди.

Сүрөт жана видео: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты